17:16 4 июня 2021

КМУда «Чылым жыттанбаган окуу жай» аталышындагы акция уюштурулду

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык коледжи менен Гуманитардык колледждин студенттери жана мугалимдери мене биргелекте «Чылым жыттанбаган окуу жай» аталышындагы акция уюштурушту. Ага окуу жайдын алдындагы медпункттун ак халатчан дарыгерлери З.Абдыкеримова, А.Исакова, Э.Момункулова катышты.

«Уюштуруу иштерине жардамдашкан активдүү студент Уланбек кызы Гүлнурга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз», - дешти аталган эки колледждин жетекчилиги.

Акциянын алкагында студенттер арасында онлайн форматта сүрөт тартуу боюнча сынак да болуп өттү. Сынакты медициналык пункттун дарыгерлери уюштурушту. Сынак дарыгерлер К.Ырысова, КМУнун медпунктунун башкы дарыгери Р.Касымбекованын жетекчилиги астында өттү.

Сынакка университеттеги гуманитардык багытта билим алган студенттер катышты. Анда жаштар арасында чылым чегүү терс көрүнүш катары кабылданбай, көнүмүш адатка айланып бара жатканы, чылымдын ден соолукка олуттуу зыян келтире тургандыгы ачык көрсөтүлдү. Соңунда иш-чарага активдүү катышкан студенттерге белектер тапшырылды.

Активдүү катышып, сыйлыкка ээ болгон студенттер: Кудайберген Раимкулов, А.Кубатбекова, М.Алиев, Элнура Масалбекова, Мээримгүл Зулпуева жана башкалар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть