17:15 7 июня 2021

ОшМУда КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, профессор Каныбек Исаковду эскерүү кечеси өттү

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Чыңгыз Айтматов академиясынын академиги, мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаковду эскерүү кечеси өттү.

Иш-чарага Каныбек Исаковдун үй-бүлөсү жана жакын санаалаштары катышты.

Эскерүү кечесинде агартуу тармагында опол тоодой эмгек жасаган Каныбек Исаковдун бейнесине арналган документалдуу фильм көрсөтүлүп, видео-баяндамалар тартууланды.

Шакирти, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сабыр Арстанов «Каныбек Исаковдун кыргыз билим берүүсүндөгү тарыхый кадамдары» деген темада баяндама жасады.

«Жигер», «Жаратман» чыгармачылык жаштар борборлорунун жаш акындары эскерүү ырларын окуп, обондуу ырларды аткарышты.

Иш-чарасынын жүрүшүндө маркумдун үй-бүлөсү тарабынан демилгеленип, уюштурулган «Исаков — ырларда» аттуу сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Кечеге катышкан кесиптештери, шакирттери, жакын санаалаштары Каныбек Исаковдун агартуу тармагындагы эмгегин, уюштуруучук, жетекчилик жөндөмүн, устаттык даражасын жана адамдык сапаттарын айтып эскеришти.

Эскерүү иш-чарасынын экинчи бөлүгүндө кыргыз филологиясы жана журналистика жана эл аралык медицина факультеттеринде Каныбек Исаков атындагы кааналардын ачылыш аземи болду.

Исаков Каныбек Абдуваситович 1969-жылы 4-июнда Ош областына караштуу Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган. 1987-жылы ОшМУга тапшырып, 1993-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

2006-2011-жылдары Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору болуп эмгектенген.

2011-2019-жылдары ОшМУда ректор кызматын аркалап, окуу процессин жакшыртуу, автоматташтыруу, окутуунун заманбап технологияларын кийирүү, инфраструктураны жакшыртуу, илим жана билим берүү жаатындагы ички, тышкы байланыштарды күчөтүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп, бир нече окуу-өндүрүштүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган. 10дон ашык жаңы окуу имараттарды жана студенттер үчүн жатакана, медициналык клиникаларды куруп, өндүрүшкө берген.

2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматында эмгектенип, пандемия учурунда билим берүүнүн үзгүлтүккө учурабай улануусуна чоң салым кошкон.

Каныбек Исаков көзү тирүү болгондо быйыл 52 жашка чыкмак.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть