17:04 7 июня 2021

Ысык-Көл мамлекеттик университети Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен биргеликте практикалык семинар өттү

2021-жылдын 4-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Кыргыз адабияты жана Манас таануу» кафедрасын менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары тарабынан «Кыргыз тилин үйрөтүү боюнча Кыргы-Түрк «Манас» университетинин тажрыйбалары» аттуу практикалык семинар болуп өттү.

Семинарды университеттин ректору, п.и.к, доцент Аскар Асангазиевич ачып, семинардын жүршүнө ийгилик каалап жана учурдун актуалдуу темасы экендигин кубаттады.

Семинар эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүктү филология илимдеринин кандидаты Калия Кулалиева Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин долбоору катары даярдалган ««Mанас» эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү» аттуу 7 томдук китеп менен тааныштырды.

Ал эми экинчи бөлүктү синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучулары Рахат Аскарова жана Гүлбарчын Абдрахманова «Кыргыз тилин үйрөтүүдө жазуу жөндөмүн өнүктүрүү (окуп-түшүнүү, грамматика, тест түзүү)» жана «Кыргыз тилин үйрөтүүдө жазуу жөндөмүн өнүктүрүү (жат жазуу, угуп-түшүнүү көндүмдөрүн өстүрүү)» боюнча баяндамаларды жасашты.

Семинардын жүршүндө баяндамалардын негизинде кызуу талкуу жүрүп, мындан ары эки унверситеттин ортосунда бир багытты көздөп, бир максатта тыгыз кызматташуу пландаштырылды.

Ректор мындан ары университеттердин ортосундагы кызматташууну колдоорун жана келип, өз тажрыйбаларын бөлүшкөн Калия Кулалиева, Рахат Аскарова жана Гүлбарчын Абдрахмановага ыраазычылык билдирүү менен иштерине ийгилик каалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть