16:59 7 июня 2021

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда араб тили курсунун угуучуларына сертификат тапшырылды

2021-жылдын 4-июнунда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде араб тили курсунун угуучуларына сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.

Ректор Аскар Иманбаев өз сөзүндө угуучуларды курстуу ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бир нече чет тилинде сүйлөө заман талабы экенин белгиледи.

Курстун угуучулары университеттин студенттери, Каракол шаарынын мектептеринин окуучулары, орто кесиптик окуу жайлардын студенттери жана Каракол шаарынын тургундары болду.

Араб тили курсу ЫМУ менен «Ала-Тоо» өнүктүрүү фондунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө. Курстун окутуучусу — Эрбол Жекшенбеков.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть