17:52 10 июня 2021

ОшМУ Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен кызматташуу келишимине кол койду

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде иш сапарда болуп келди.

Делегация Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окуу кампусунда болду. Окуу жайдын китепканасын, жатаканасын, Медициналык борборун көрүп, ветеринардык, айыл чарба, инженердик жана табигый илимдер факультеттериндеги лабораториялар жана Туризм жана мейманкана жогорку мектебиндеги билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Иш сапардын алкагында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейлан эки окуу жай ортосунда таалим-тарбия, билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк тармагында өз ара кызматташуу келишине кол коюшту.

Кудайберди Кожобеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Медиа Манас» медиа борборунун түз эфиринде конокто болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть