17:51 10 июня 2021

ОшТУ бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

Ош технологиялык университетинде экономика жана башкаруу факультетинин бакалавр багытынын бүтүрүүчүлөрүнө «Ак жол сага, бүтүрүүчү!» деген аталышта салтанат уюштурулду.

Аземге окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары, студенттер жана ата-энелер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, ОшТУнун профессору Жумакадыр Матисаков бүтүрүүчүлөрдүн келечек жолуна байсалдуу сапар каалап, мыкты кадр катары өз билимдерин турмушта колдонуп жүрүшүнө тилктештигин билдирүү менен жалпы эмгек жамааттын атынан кызуу куттуктоосун билдирди. Ошондой эле студенттердин атынан да өкүлдөр өз ойлорун айтышып, окуу жайга, эмгек жамаатка өз ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн урматына концерттик программалар тартууланды.

Иш-чаранын соңунда факультеттин алдыңкы студенттери ОшТУнун ардак грамотасы менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть