16:24 11 июня 2021

Өзгөн институтунда диний экстремизмге жана терроризмге каршы иш-чара өткөрүлдү

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда «Диний экстремизм жана терроризмдин социалдык жоопкерчилиги» аттуу темада студенттер үчүн «2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча» программасын ишке ашыруу максатында конок лекция өткөрүлдү.

Конок лекцияны Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев жана Имам аль-Бухари атындагы Ислам институтунун ректору Абдрахман кары Атабаев окуду. Ага Өзгөн районунун жаштары, институттун студенттери жана Өзгөн РИИБдин өкүлдөрү катышты.

Конок лекциянын аягында Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев окуу жайдын китепканасына баалуу, сейрек кездешүүчү окуу китептерин жана окуу-усулдук колдонмолорун окуу жайдын китепканасына белек кылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть