10:13 14 июня 2021

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде семинар-тренинг болуп өттү

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 2021-жылдын 9-10-июнунда «Менеджер/ISO 9001:2015 жана ISO 21001:2018 боюнча сапатты башкаруу системасынын ички аудитору» темасында семинар-тренинг болуп өттү.

Семинарда бүгүнкү күндүн эң маанилүү темаларынын бири болгон «Сапат менеджмент» боюнча билимдерин тереңдетүү, окуу жайда бул багытта жасалып жаткан иштер менен тааныштыруу жана мындан ары кандай иштерди жасай ала тургандыгы жөнүндө талкуу болду.

Семинарды Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана аккредитация бөлүмүнүн башкы адиси Сайрагүл Акмолдоева уюштурду. Семинарга катышкан кафедра башчылары жана окутуучулар «Сапат менеджмент» системасы жана анын түзүүчүлөрү жөнүндө кеңири түшүнүк алып, өз ойлору менен бөлүштү.

Семинардын аягында университеттин ректору Аскар Иманбаев катышуучуларга ийгилик каалап, сертификаттарды тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть