20:27 14 июня 2021

Эл аралык «Окутууну үйрөнүү-2021» сынагында ОшМУнун окутуучусу байгелүү орунду ээледи

Жаш окутуучулардын илимий-методикалык иштеп чыгууларынын II эл аралык «Окутууну үйрөнүү-2021» сынагында ОшМУнун окутуучусу байгелүү орунду ээледи.

Сынакка КМШга мүчө мамлекеттердин педагогикалык университеттеринин, колледждеринин жана кошумча кесиптик педагогикалык билим берүү уюмдарынын жаш окутуучулары катышкан.

Сынак «Илимий өнүгүү», «Методикалык долбоор», «Чыгармачыл долбоор» номинациялары боюнча өткөн.

Эксперттик баалоонун жыйынтыгы боюнча, «Илимий өнүгүү» номинациясы боюнча ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин жалпы психология кафедрасынын окутуучу Эмил Сагынбаев 3-орунду ээледи. Аталган сынакта 1-орунду Россия, 2-орунду Белоруссиядан катышкан жаш окутуучулар алышкан.

«Мен буга чейин да бир нече ирет сынактарга катышкам. Ар бир катышкан сынактарым мага изденүү, жаңы ачылыштарды жаратты. Учурда ОшМУда «Жаш илимпоздор» кенешин түзүп, аны жетектеп келе жатам. Максатыбыз жаш мугалимдерди колдоо жана ар тараптан өнүгүүсүнө жардам берүү болуп санат», - дейт Эмил Сагынбаев.

Жеңүүчүлөрдү расмий сыйлоо 2021-жылдын 17-июнунда Москва мамлекеттик педагогикалык университетинде «Үзгүлтүксүз педагогикалык билим берүү чистемасынын азыркы абалы жана анын интеграциялык өнүгүү келечеги» аттуу эл аралык форумда ыйгарылат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть