20:58 14 июня 2021

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Каныбек Осмоналиев ОшТУда болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев, Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жана Ош технологиялык университетинин жетекчилигинин, окутуучуларынын катышуусуунда маданий-гуманитардык, илим, билим берүү жана дене тарбияны өнүктүрүү ишмердигин жайылтуу маселелерине арналган талкуу болуп өттү.

Аталган талкууда катышуучулар тарабынан ар түрдүү ой-пикирлер айтылып, ачык талкуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Каныбек Осмоналиев окуу жай менен кенен таанышып чыкты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×

up