11:46 14 июня 2021

«QS дүйнөлүк билим берүүдөгү жаңылыктар» журналында ОшМУ тууралуу маалымат жарык көрдү

QS Global Education News («QS (Дүйнөлүк университеттердин рейтинги) дүйнөлүк билим берүүдөгү жаңылыктар») журналынын 2021-жылдын май айындагы чыгарылышында ОшМУ тууралуу маалымат жарык көрдү. Анда окуу жайда бакалавриат, магистратурадагы ишке ашып жаткан кош дипломдуу билим берүү программалары жөнүндө айтылган.

Андан сырткары, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ОшМУдагы филиалы тууралуу маалыматтар камтылган.

Аталган журналда дүйнөдөгү өнүгүп жаткан университеттердин ийгилик жолу тууралуу макалалар жарыяланат.

QS — эң көп окулган дүйнөлүк университеттердин рейтинги болуп саналат. 2021-жылдагы жыйынтык боюнча алдыңкы үчтүктө Массачусетс технологиялык институту, Стэнфорд жана Гарвард университеттери турат.

ОшМУ учурда глобалдык рейтингге катышуу максатында өзүнүн позициясын чыңдоого багытталган иш-аракеттерин көрүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть