15:24 14 июня 2021

КМУда профессор Шаршенбек Алиевдин 70 жылдыгына арналган илимий жыйын өттү

11- июнда И.Арабаев атындагы КМУнун «Кыргыз Руху» аталышындагы чоң жыйындар залында физика-математика илимдеринин доктору, профессор, өмүрүн билим берүүгө арнаган Алиев Шаршенбек Алиевичтин 70 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган конференцияга И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов менен окуу иштери боюнча проректор Жеңишбек Бексултанов баштаган окуу жайдын жетекчилиги, физика-математика илимдеринин доктору, академик Алтай Бөрүбаев баштаган көрүнүктүү окумуштуулар, агартуучу Шаршенбек Алиевдин аспиранттары, КМУнун физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Талант Курманбек уулу баштаган агайдын бирге иштешкен кесиптештери, КМУнун башка факультеттеринин декандары, институт директорлору катышып, кутман курак 70 жашка толуп жаткан ардактуу профессорду маарекеси менен кызуу куттукташты.

Куттуктоо ээлери агайга арнаган белектерин тапшырып, бекем ден соолук, узак өмүр, илимий ишине албан ийгиликтерди каалашты.

Жыйынды университеттин физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети уюштурду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть