17:34 15 июня 2021

И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи 21 жашта

2021-жылдын 15-июнунда И.Раззаков атындагы КТМУнун Политехникалык колледжинин түзүлгөнүнө 21 жыл толду.

Окуу жайда жалпысынан 138 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 98 окутуучу студенттерге билим-тарбия беришет.

Окутуучулук курамда 6 илимдин кандидаты, 2 билим берүүнун мыктысы, 1 КМШга эмгек сиңирген энергетик, энергетика жана өнөр жай мыктылары, аспиранттар, магистранттар жана чет өлкөдөн жогорку окуу жайын бүтүрүп келген өз ишинин кесипкөй адистери иштейт.

Окутуучулар менен студенттердин арасындагы өз ара түшүнүшүү, жагымдуу маанай түзүлгөн себептүү окуу жайда тез-тез ар түрдүү иш-чаралар өтүлүп турат. Иш-чаралардын өтүлүшү окуу жайдагы билим берүүнүн сапатын арттырып, өз ара ынтымактуу иш алып барууга шарт түзөт.

Техника илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги Нурайым Турусбекова аталган окуу жайда 2013-жылдан баштап директорлук кызматты аркалап келүүдө.

Окуу жай 2000-жылдын 15-июнунда КМТУнун мурунку кесиптик орто билим берүү бөлүмүнөн И.Раззаков атындагы КМТУнун политехникалык колледжи болуп негизделген.

Колледж иштеген жылдардан баштап, бүгүнкү күнгө чейин 3000ден ашуун адистер даярдалып чыкты. Азыркы учурда окутуу 12 түрдүү адистик боюнча жүргүзүлөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть