17:09 16 июня 2021

ОшМПУда Кыргыз эл жазуучусу Жолон Мамытов менен Тажик эл жазуучусу Лоику Шералинин 80 жылдыгы белгиленди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз эл жазуучусу Жолон Мамытовдун жана Тажик эл жазуучусу Лоику Шералинин 80 жылдыгына карата онлайн конференция болуп өттү.

Иш-чара «Аймактардагы жана Ош шаарындагы жазуучулар» коомдук бирикмесинин демилгеси менен Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош бөлүмү жана аталаган окуу жай менен биргеликте кыргыз-тажик элдеринин достук мамилесин чыңдоо, эки элдик улуу акындарынын чыгармачылыгын даңазалоо максатында уюштурулду.

Конференцияга университеттин ректору, профессор Бекмурза Зулуев, «Аймактардагы жана Ош шаарындагы жазуучулар» коомдук бирикмесинин төрайымы Салима Шарипова, аталган коомдук бирикменин мүчөсү, философия илимдеринин доктору Венера Сабирова, «Достук» тажик улуттук-маданий борборунун төрагасы Холикназар Алиназаров, КРнын ардактуу айымы, акын Малика Камилова, ассамблеянын Ош бөлүмүнүн адиси Гүлбарчын Пусурова, ассамблеянын алдындагы ар улуттук маданий борборлордун өкүлдөрү жана онлайн форматта Алтай, Тажик жергесинен да акындар катышты.

Иш-чарада эки элдин достугу, каада-салттары, тарыхы жана акындары тууралуу кеңири сөз болуп, катышуучулар тарабынан атайын баяндамалар окулду. Ошондой эле эл акындары Жолон Мамытов жана Лоику Шералинин маңыздуу ырлары жаңырып, алардын чыгармачылыгы даңкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть