17:50 17 июня 2021

Улуу Британиянын элчиси ОшМУда болду

Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт менен жолугушту.

Жолугушууда Улуу Британиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу алакаларын түзүү, билим берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча сөз болду.

Элчи Чарльз Эдмунд Гарретт жогорку окуу жайлары менен кызматташуу багытында мамилелерди чыңдоого жана кызматаштыктын жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшаарын билдирди. 2021-жылдын октябрь айына пландалган Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында ОшМУда студенттер менен жолугуп, пикир алышууга кызыкдар экендигин айтты.

Ошондой эле Улуу Британиянын өкмөттүк глобалдык программасы Чивнинг стипендиясы тууралуу маалымат берди. Стипендия магистр даражасын алуу үчүн 1 жылга берилет. Бул стипендияга 2018-жылы ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Айжана Токтошошева ээ болуп, аталган өлкөнүн эң алдынкы Эксетер университетинде билимин жогорулатып келген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть