Ош мамлекеттик университети Түштүк Казакстан мамлекеттик педагогикалык университети жана Коркыт Ата атындагы Кызыл-Ордо университети менен кызматташуу келишимине кол койду.
Келишимге кол койгон университеттер мындан ары билим берүү, илим, маданият тармагында кызматташат. Ошондой эле окутуучуларды, студенттерди, алмашуу боюнча иш жүргүзүү, илимий байланыштарды чыңдоо, профессорлордун конок лекцияларын уюштуруу, орток илимий изилдөөлѳрдү жүргүзүү, илимий жана маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү, усулдук жана башка жардамдарды кѳрсѳтүү багыттарында кызматташат.
Кызматташтык келишимдерине кол коюу аземи Казакстандын Түркестан шаарында өттү.
Учурда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков расмий делегациянын курамында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн билим берүү министрлеринин катышуусундагы конференцияга катышып жатат.