17:31 18 июня 2021

ОшМПУнун студенти республикалык сынакта баш байгени багындырды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультетинин 4-курсунун студенти Сабина Абдыразакова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн «Мен мугалим болом-2021» аттуу студенттердин республикалык сынагында 1-орунду ээлеп, 1-даражадагы диплом, Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо жана баалуу белектерге ээ болду. Бул тууралуу конкурсанттын методисти Гүлбурак Бакирова билдирди.

Ошондой эле аталган жеңүүчү студенттин жетекчиси, ОшМПУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Гүлбурак Бакирова – студентин мыкты даярдап чыкканы үчүн, уюштуруу тобу тарабынан Түркия өлкөсүнүн Анталия шаарына 8 күндүк эс алууга жолдомо жана алкыш баракча менен сыйланды.

Болочок агартуучуларга стимул болгон бул сынак президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 90 жылдык маарекесине карата педагогикалык факультети, «Мугалим» илимий- педагогикалык журналы жана университеттин бириккен профсоюз комитети менен биргеликте педагогикалык багытта адистерди даярдаган өлкөдөгү бардык ЖОЖдордун катышуусунда уюштурулган.

Мында катышуучулар 3 этап — эссе жазуу, өзүн-өзү тааныштыруу, өнөр таймаш — менен атаандаштыктарын көрсөтүп, билим алган окуу жайынын намысын коргошту.

Мелдешке 40тан ашык студент катышып, финалдык турда 16 студент ат салышты.

Жыйынтыгы калыстар тобу тарабынан төмөнкүдөй аныкталды:

Баш байге – артыкчылык диплому:

  • Күрүчбек кызы Мээрим — Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультети;
  • Абдыразакова Сабина — А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети.

1-орун:

  • Күмөнова Алина — Ж.Баласагын атындагы КУУнун социалдык-гуманитардык факультети;
  • Туратбекова Адина — Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультети;
  • Хасанова Тахмина — Ж.Баласагын атындагы КУУнун орус жана славян филологиясы факультети.

2-орун:

  • Апшүкүрова Алина — Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультети;
  • Шайлообекова Алина — И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • Бейшенбекова Малика — Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультети.

3-орун:

  • Жолчубек кызы Нагима — К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
  • Шакиева Нурзада — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
  • Таалайбек кызы Жылдыз — С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети.
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть