16:51 18 июня 2021

Кыргыз-Түрк «Манас» университети ОшМУ менен кызматташат

Үстүбүздѳгү жылдын 7-июнунда Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Ош мамлекеттик университетинин ортосунда билим берүү, илим жана академиялык мобилдүүлүк тармагында ѳз ара кызматташуу боюнча келишими түзүлдү.

Келишимге КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков кол коюшту.

Жыйынга КТМУнун жетекчилери, факультет декандары жана ОшМУнун ректору баштаган делегация мүчѳлѳрү катышып, эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттарын талкуулашты.

Делегация Кыргыз-Түрк «Мана«» университетинин Ден соолук борбору жана окуу жайдын китепканасын, студенттик үйүн, Сүрѳт галереясы жана «Медиа Манас» борборун кѳрүп, ветеринардык, айыл чарба, инженердик жана табигый илимдер факультетиндеги лабораториялар жана Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебиндеги билим берүүгѳ түзүлгѳн шарттар менен таанышты.

Ошондой эле ректор Кудайберди Кожобеков «»Манас Фм» радиосунун коногу болуп, угармандарга КТМУ менен ОшМУнун ортосундагы кызматташуу пландары тууралуу айтып берди.

Келишимдин максаты – эки университеттин окутуучуларын, изденүүчүлөрүн, изилдөөчүлөрүн, студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды алмашуу боюнча иш жүргүзүү, илимий байланыштарды чыңдоо, орток илимий изилдөөлѳрдү жүргүзүү, илимий жана маданий (илимий-практикалык конференция, симпозиум, тегерек стол, семинар, студенттик олимпиадалар ж.б.у.с.) иш-чараларды уюштуруу, усулдук жана башка жардамдарды кѳрсѳтүү.

Ошондой эле тараптар эл аралык байланыштар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бири-бирин маалымдашат жана бул мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууда көмөк көрсөтүшөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть