17:37 23 июня 2021

ОшТУ Москва политехникалык университети менен кызматташат

Ош технологиялык университети Россиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуусун улантууда.

Москва политехникалык университетинин өкүлдөрү окуу жайга иш сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Алар ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу, ОшТУнун профессору Жумакадыр Матисаковдун кабыл алуусунда болуп, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлуп, бир канча эки тараптуу келишимдер түзүлдү.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун жана студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, эки окуу жайдын ортосундагы илимий иштерди жүргүзүү жолдору талкууланып, жол картасы түзүлдү. Мындан ары Ош технологиялык университети аталган окуу жай менен терең кызматташмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×

up