2021-жылдын 22-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде университеттин күнүнө карата иш чара өттү.
Университеттин ректору Аскар Иманбаев жыл жыйынтыгы менен окуу жайдын бардык профессордук-окутуучулар курамын, административдик жана чарбалык кызматкерлерди акчалай сыйлоо тууралуу буйругу менен тааныштырды.
Ошондой эле бир катар окутуучулар жана кызматкерлер Каракол шаарынын мэриясынын, Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жана окуу жайдын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Кырдаалга байланышттуу иш-чара онлайн жана аралыкты сактоо менен офлайн форматтарда өттү.