17:49 23 июня 2021

ИИМдин Академиясында Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленди

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын 120 жылдыгын белгилөө максатында ИИМ Академиясында бир катар иш-чаралар болуп өттү.

ИИМдин Академиясынын курсант, студенттерине онлайн режимде «Жусуп Абдрахманов – кызгыз интеллигенциясынын жүзү» аттуу лекциялар окулуп, «Жусуп Абдрахманов – Кыргызстандын залкар инсаны» аттуу темада куратордук сааттар өткөрүлдү.

ИИМдин Академиясынын курсант, студенттери кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү Ж.Абдрахмановдун өмүр баяны, басып өткөн жолу жана анын Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, анын түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган эмгектери менен таанышты.

Андан тышкары, курсант, студенттердин арасында «Кыргыз интеллигенциясынын жүзү Ж.Абдрахмановго 120 жыл» атту эссе сынагы жарыяланып, калыстардын чечими менен 1-орунга 2-курстун курсанты Шамитова Эркайым, 2-орунга 2-курстун студенти Эсенбекова Диана, 3-орунга 2-курстун курсанты Кылычбеков Үмүтбек ээ болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть