17:54 23 июня 2021

ОшМУда Москва политехникалык университети кесипке багыт берүү иш-чарасын өткөрдү

ОшМУда Москва политехникалык университетинин кесипке багыт берүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Ош шаарындагы жана Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Араван райондорунан мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты. Ал эми Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунун мектеп бүтүрүүчүлөрү онлайн катышты.

Жолугушууда Москва политехникалык университетинин эл аралык интеграция жана чет элдик студенттер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Ирина Иванова университет тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Москва политехникалык университети 1865-жылы негизделген. Учурда 16 миңден ашуун студент билим алса, анын 2000ден ашууну — чет элдик студенттер.

Быйылкы жылы окуу жайда бакалаврга 2166, магистрдик даражага 44, аспирантурага 37 бюджеттик орундар каралгандыгы айтылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть