17:37 24 июня 2021

КМУнун ректору ЖОЖдор аралык спорттук мелдешке катышып жаткан окутуучулар менен жолукту

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЖОЖдор аралык спорттук иш-чаралар башталды.

Мелдеш 22-июндан 27-июлга чейин болмокчу. Оюнга катышуу үчүн И.Арабаев атындагы КМУдан мугалимдерден жана кызматкерлерден турган атайын команда 21-июнь күнү Чолпон-Ата-шаарына жөнөп кетишти.

Мелдеш 40 жашка чейинкилер арасында өтүп, оюнчулар волейбол, тогуз коргоол, футбол, стритбол жана шахматтан күч сынашары белгилүү болду. Окуу жайдын намысын коргоп, мелдешке катышып жаткан кызматкерлер менен 21-июнь күнү университеттин ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов жолугуп, командага ийгилик каалады.

Жолугуу иш-чарасына ректор менен бирге окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, админстративдик чарба иштери боюнча проректор Амангелди Сыйырбеков да катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть