17:02 25 июня 2021

ЫМУда «Улуттук квалификациялык алкактын жана мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде билим берүү программаларын иштеп чыгууга киришүү» аттуу семинар өткөрүлдү

2021-жылдын 23-24-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Улуттук квалификациялык алкактын жана мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде билим берүү программаларын иштеп чыгууга киришүү» аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинардын максаты университеттеги адистиктин билим берүү программаларын улуттук квалификациялык алкактын жана улуттук квалификациялык системанын, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде азыркы эмгек рыногунун жана иш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп бере турган адистерди даярдоого багыттап иштеп чыгууну, анын кадамдарын окутуп-үйрөтүү болду.

Бул максатта ЫМУнун жетекчилигинин демилгеси менен атайын тренерлер чакырылып, иш-чара пландалган эле. Семинардын тренерлери Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эскперттери Дуйшебаева Гүльзада жана Бекбоева Рахат азыркы билим берүүдөгү тенденциялар, талаптар, билим берүү программаларын түзүүдөгү нормативдик документтер, эске алуучу жагдайлар туурасында окуу жайдын окуутуучаларына пайдалуу маалыматтарды тааныштырып, ийгиликтүү иш алып барышты.

Семинар 36 саат көлөмүндөгү теориялык жана практикалык иштердин айкалышынан туруп, топтордо иштөө, анализдөө, жандуу талкуу, ой бөлүшүү, пикир алышуу, суроо-жооп форматында болду. Университеттин окутуучулары өз адистиктери боюнча билим берүү жаатындагы ийгиликтер жана кемчиликтер, мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчиликтер тууралуу анализ жасашты, жаңы талап боюнча программанын максат, милдеттерин, ага жетүүдөгү кадамдарды аныктап, компетенцияларды, окутуунун натыйжаларын иштеп чыгышты. Семинардын жүрүшүндөгү иш-аракеттерде билим берүү программалары кызыкдар тараптардын, айрыкча, иш берүүчүлөрдүн позициясынан туруп түзүлсө, окутуунун натыйжасына, билим берүүнүн максатына ийгиликтүү жетүүнү камсыз кыларына басым жасалды. Атаандаштыкка туруктуу, глобалдашуу шартына ыңгайлаша алган бүгүнкү күндүн компетенттүү адисин даярдоодо билим берүү программаларынын туура иштелип чыгышы негизги зарыл шарт болорун дагы жакшы түшүнүштү. Ушундай ийгиликтүү иштин аягында катышуучуларга сертификат тапшырылды.

Катышуучулар 2 күндүк семинар абдан пайдалуу жана жемиштүү болгондугун бир ооздон белгилешип, республикада ЖОЖдордун ичинде биринчилерден болуп мындай иш-чаранын өткөрүүнү демилгелеп, шарт түзүп берген университеттин ректору А.Иманбаевге, окуу иштери боюнча проректор Ж.Токтакуновго, билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана аккредитация бөлүмүнүн башчысы С.Акмолдоевага, семинардын тренерлери Г. РДуйшебаевага жана Р. Бекбоевага ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалашты.

Өз кезегинде тренерлер да жаңы нерсени кабыл алып үйрөнүүгө даяр, жандуу жана жигердүү жамаат менен иш алып баруу жагымдуу болгондугун белгилеп өтүшүп, окуу жайга жаратмандык ишмердүүлүк, өнүгүп-өсүү каалап кетишти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть