17:26 25 июня 2021

ОшМУнун чыгармачыл жамааты «Ысык-Көл кечи» аттуу маданий иш-чарага катышты

Ош мамлекеттик университетинин чыгармачыл жамааты Ж.Баласанын атындагы Кыргыз улуттук университети уюштурган «Ысык-Көл кечи» аттуу маданий иш-чарага катышты.

Маданий кече Ысык-Көл жээгиндеги «Университет» пансионатында болуп өттү.

Саамалыкка Ош мамлекеттик университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматкерлеринен турган чыгармачыл топ катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Бул маданий иш-чара президенттин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын негизинде окуу жайлар аралык байланышты чыңдоо, билим-тарбия багытында кызматташтыкты өркүндөтүү максатында уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть