17:52 29 июня 2021

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун мыкты бүтүрүүчү студенттерине ыраазычылык каттар тапшырылды

2021-жылдын 29-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин артыкчылык диплом менен аяктап жаткан жана университеттин коомдук иштерине активдүү катышкан бүтүрүүчү студенттерине ректор Аскар Иманбаевдин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.

Ыраазычылык каттарды ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Жолдошбек Токтакунов тапшырды. Ал куттуктоо сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү маанилүү жетишкендиги менен куттуктап, аийгиликтерди каалады.

Факультеттердин декандары Айгүл Кадырбаевна, Назгүл Кусуевна, Кымбат Бейшеновна, Чолпон Сакешовна жана колледждин директору Гуляим Изагалиевна бүтүрүүчүлөдү окуусун ийгиликтүү аяктап, тиешелүү квалификацияны алышы менен чын жүрөктөн куттуктап, студенттик сонун жылдарды эч качан унутпай, жашоодон өз орундарын таап, алдыда чоң максаттарды, чоң жетишкендиктерди каалашты.

Бүтүрүүчү студенттер да университеттин профессордук-окутуучулар курамына ыраазычылык билдиришип, студенттик мезгил жашоодогу эң кызыктуу: жаңы билим, билгичтик жана жөндөмдүүлүктөр, илимий ачылыштар, жигердүү коомдук иш-чаралар, кызыктуу таанышуулар мезгили болгонун белгилешти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть