13:46 2 июля 2021

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин камкордук кеңешинин жыйыны өттү

2021-жылдын 30-июнунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин камкордук кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын күн тартибинде каралган маселелер:

- 2020-жылдын атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгашалар сметасынын аткарылышы;

- 2021-жылдын апрель айында өткөн аккредитациянын жыйынтыгы тууралуу;

- К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун структуралык бөлүмдөрүндө кадрдык жана финансылык потенциалды натыйжалуу пайдалануу максатында оптималдаштыруу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы жөнүндө;

- 2021-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгашалар сметасы менен тааныштыруу;

- профессордук-окутуучулук курамды жана кызматкерлерди материалдык жактан колдоо жана стимулдаштыруу маселелери.

Аталган маселелер боюнча маалыматтар ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев, башкы эсепчи Мундуз Токтогулов, улук экономист Нургүл Сманова тарабынан берилди.

Жыйынга камкордук кеңеш төмөндөгү курамда катышты:

- Керимкулов Туратбек Токтобаевич — камкордук кеңешинин төрагасы;

- Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич — СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Олимпиада чемпиону, дүйнө жана Европа чемпиону;

- Молдокматов Өмүрбек Кыдырканович — Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы;

- Ашымбаев Калканбай, — Кыргыз эл жазуучусу;

- Мусаходжаева Атыркүл Душоевна — №1 инновациялык мектеп-гимназиясынын мугалими;

- Абдрахманов Курсант Барктабасович — К.Жантөшов атындагы Ысык-Көл облусттук драмтеатрдын директору;

- Өмүрканова Айсалкын Ибраевна — ата-эне;

- Бейшебаев Эрнис Качкынович — З.Сооронбаева атындагы мектептин директору;

- Сариев Фархад Байбосунович — камкордук кеңешинин катчысы, экономика жана туризм факультетинин доценти.

Ар бир маселеден кийин суроолор берилип, талкуу болду жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Аталган жыйын университеттин бюджетинин ачык-айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть