К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Жүзөкан Осмонованы Эл аралык Айтматов атындагы академиянын ардактуу академиги болду.
Ал бул ийгиликке илим жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктери, кыргыз тил илиминин өнүгүшүндө, окуу китептерин түзүүдө жана илимий уюштуруучулук багытта жемиштүү эмгек сиңиргендиги үчүн жетишти.