20:01 12 июля 2021

Ысык-Кѳл мамлекеттик университети менен Түруиянын Османие Коркут Ата университенин ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду

2021-жылдын 7-июлунда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетине Түркиянын Османие Коркут Ата университенин делегациясы келди.

Делегациянын курамында аталган университеттин ректору, профессор Тургай Узун, проректору профессор Жошкун Өзалп жана эл аралык байланыштар бѳлүмүнүн башчысы, доцент Жейхун Юкселир болушту.

Жолугушуунун алкагында КТыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университети менен Османие Коркут Ата университенин ортосунда кызматташтык келишимине жана MEVLANA академиялык мобилдүүлүк программасынын протоколуна кол коюлду. Кош кызматташуу протоколдорунун негизинде эки университеттин, академиялык жамааттын, студенттердин алмашуусу, кош диплом программаларын иштеп чыгуу, илим изилдөө жаатында конференция, симпозиумдар жана башка биргелешкен академиялык иш-чаралар уюштурулат.

ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев ѳз сѳзүндѳ 2 университеттин байланышы илим, билим жана маданият жаатында кыргыз-түрк мамилесин мындан да жогорку деңгээлге чыгарарына ишеничин билдирди.

Османие Коркут Ата университетинин ректору Тургай Узун ректорлук кызматка жаңы дайындалып, биринчи эл аралык иш сапарын боордош Кыргызстан мамлекетинен баштап жатканын айтып, кол коюлуп жаткан келишимдер жемиштүү болушун каалады.

Расмий жолугушуудан соң коноктор ЫМУнун окуу корпустары менен таанышты. Андан соң Министрлер кабинетинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укутуу ѳкүлү Мирбек Кожоев жана Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев менен да жолугушуулар болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть