16:53 14 июля 2021

ОшМУда чек ара жаңжалында жабыркаган аялдар үчүн тренинг уюштурулду

2021-жылдын 12-июль күнү ОшМУда кыргыз-тажик чек арасындагы коогалаңдан жабыркаган Лейлек районунун Жаңы-Жер, Интернационал, Максат, Арка айылдарынан келген активист аялдар үчүн трениг өттү.

Тренинг кризистик кырдаалдарда кыз-балдарга, аялдарга жана үй-бүлөлөргө психо-социалдык колдоолорду уюштуруунун жана психологиялык жетектөөнү көрсөтүү ыкмаларын үйрөтүү максатында өткөрүлдү. Практикалык тренингди ОшМУнун психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева жана аталган кафедранын практик психологу Режап Садикова өттү.

«Жакындан жардам колун сунуу, стресске кабылгандардын көнүлүн котөрүү, моралдык-психологиялык жактан жардам көрсөтүү азыр бизге абдан керек болчу. Ош шаарына келип, ОшМУдан өтө пайдалуу сабак алып бара жатам», - деди тренингдин катышуучусу Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Гулмира Аширматова.

Аталган окутуу «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында БУУнун Тынчтыкты куруу фонду тарабынан каржыланып, БУУнун Кыргызстандагы Аялдар түзүмү, Эл аралык миграция уюму,Эл аралык Эмгек уюму жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, "Социалдык Өнүктүрүү Альянсы" (СДА), Тренерлер жана консультанттар ассоциациясы (АТиК) тарабынан ишке ашырылган.

2021-жылдын апрель, май айларында Баткен, Лейлек райондорунун чек аралык айылдарынын жабырлануучуларына ОшМУнун 30 психологунан куралган мобилдик топ психологиялык реабилитация иштерин жүргүзүшкөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть