17:07 15 июля 2021

Кабыл алуунун I-турунда ОшМУга 3131 талон ташталды

Ош мамлекеттик университетинде 2021-2022-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg системасы аркылуу онлайн форматта ишке ашырылууда.

12-июлда башталган кабыл алуунун 1-туру 14-июль, саат 14:00дө жыйынтыкталды.

1-турдун жыйынтыгы менен ОшМУга республика аймагындагы ЖОЖдорунун ичинен эң көп абитуриенттер талон таштады.

ОшМУга жалпы 400 гранттык орун берилген.

Быйылкы жылы абитуриенттердин басымдуу бөлүгү дарылоо иши, стоматология, фармация, англис тили, лингвистика (англис тили), кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, педагогика, эл аралык мамилелер, информациялык системалар жана технологиялар, информатика жана эсептөө техникасы, колдонмо математика жана информатика, юрисприденция, программалык инженерия, экономика, бизнес жана башкаруу адистиктерине талондорун таштаган.

Кабыл алуунун 2-туру 19-21-июль, 3-туру 26-28-июль күндөрү болот. Ар бир тур аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо билим ала турганын тастыктоосу зарыл.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть