Ош технологиялык университетинде COVID-19га каршы вакцина тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы жана жалпы кызматкерлери эмдөөдөн акысыз өтүүдө.
Ошондой эле профилактикалык эмдөөгө каршы көрсөтмөсү бар адамдардан башкасынын баарына уруксат берилип, эмдөөнүн алдында милдеттүү медициналык текшерүү жүргүзүлүүдө. Окуу жайда коронавирус инфекциясына каршы массалык эмдөө апрель айында башталган.