ОшМУнун «Билим» лицейинин окуу имаратына капсула салынды.
Жаңыдан курулуп жаткан мектеп-лицей 250 окуучуга ылайыкташкан. Имарат жер төлөсү менен 4 кабаттан турат. Имараттын ичинде ашкана, спорттук аянтчалар, китепкана жайгашат. 3-кабаты окуучулар үчүн жатакана катары пайдаланылат.
«Билим» лицейи 2012-жылы ачылган. Бул жылдар аралыгында жалпы республикалык тестилөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Бүтүрүүчүлөр 2 «алтын сертификат», 11 артыкчылык аттестатына ээ болушкан.
Имараттын курулушун ушул жылдын декабрь айына чейин бүткөрүү пландалган.
Учурда ОшМУнун алдында 6 мектеп-гимназия бар.