19:15 9 августа 2021

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жаңы окуу жылына даярдыктар жүрүүдө

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 2021-2022-окуу жылына кызуу даярдыктар жүрүүдө.

ЫМУнун 1-корпусунун терезелери пластик терезелерге алмаштырылып, ремонт иштери жүрүп жатат.

30-июлда ЫМУнун ректору Аскар Асангазиевич, окуу иштери боюнча проректор Жолдошбек Шамуканбетович баштаган агайлар демилге көтөрүшүп, ишембилике чыгышты.

Оңдоп-түзөө иштери университеттин өз каражатына жасалууда жана башка корпустарда да иш уланат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×

up

Закрыть Закрыть