19:13 9 августа 2021

ОшМУнун 3 окумуштуусу Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти академиялык наамына шайланды

Улуттук илимдер академиясында 5-августта академик жана мүчө-корреспондент деген илимий наамдарга шайлоо болуп өттү.

Шайлоого катышкан ОшМУнун окумуштуулары — физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гүлбадан Матиева «Математика» багыты боюнча, биология илимдеринин доктору, профессор Таасилкан Жумабаева «Химия, биология» багыты боюнча, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдрахман Эшиев «Медицина, эпидемиология» багыты боюнча Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспондент академиялык наамына шайланышты.

Буга чейин академик жана мүчө-корреспондент деген илимий 52 наамга 127 окумуштуу талапкер катары катталган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть