20:57 6 сентября 2021

«QS дүйнөлүк билим берүүдөгү жаңылыктар» журналынын августтагы санына ОшМУ тууралуу маалымат жарык көрдү

QS Global Education News («QS (Дүйнөлүк университеттердин рейтинги) дүйнөлүк билим берүүдөгү жаңылыктар») журналынын 2021-жылдын август айындагы чыгарылышында ОшМУ тууралуу маалымат жарык көрдү. Анда окуу жайга тартылган инвестициялар, эл аралык байланыштар, биргелешкен билим берүү программалары, интернационалдык билим берүүгө багытталган иш-аракеттер берилген. Ошондой эле ОшМУда 2020-2021-окуу жылында түзүлгөн Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби жөнүндөгү маалымат камтылган.

QS – эң көп окулган дүйнөлүк университеттердин рейтинги болуп саналат. Аталган журналда дүйнөдөгү өнүгүп жаткан университеттердин ийгилик жолу тууралуу макалалар жарыяланып келет.

Буга чейин аталган журналдын 2021-жылдын май айындагы чыгарылышында да ОшМУдагы бакалавриат, магистратурадагы ишке ашып жаткан кош дипломдуу билим берүү программалары, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ОшМУдагы филиалы тууралуу маалыматтар жарыяланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть