15:44 4 сентября 2021

Россиядагы Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын лаборатория башчысы Никита Петров ОшМУда болду

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Россия президентине караштуу Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын теориялык фольклор таануу лабораториясынын башчысы, PhD-доктор Никита Петров менен жолугушту.

Жолугушууда алар окуу жайлар ортосунда кызматташтыктарды бекемдеген долбоорлор менен иштөө, фольклор, социалдык-онтропология багытында биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, конок лекцияларды уюштуруу багыттарында пикир алышты. Ошондой эле окумуштуу «Манас» эпосун изилдөө менен биргеликте орус, англис тилдеринде которуунун алкагындагы чоң долбоордун үстүндө иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Кыргызстанга, анын ичинде Ош шаарына биринчи ирет келген окумуштуу Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышуу үчүн келген. Ал эми ОшМУга аталган конференцияга катышкан профессор Гулина Жамгырчиева конок катары чакырып, байланыштарды бекемдөө багытында иштерди алып барууда.

Петров Никита Викторович ОшМУнун музейинде болду. Иш сапары Ош шаарындагы тарыхый жайларды, Сулайман-Тоо, Ак-Буура, Чыгыш базарында болуу менен уланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть