15:28 13 сентября 2021

ОшМУда далилдүү медицина боюнча окутуучулардын билими жогорулатылды

Ош мамлекеттик университетинде «Далилдүү медицинанын негиздери. Кыйынчылыктар жана илимий жана билим берүү чөйрөсүндө колдонуу келечеги жана практикалык саламаттык сактоо» деген темада окутуу жүрдү.

3 күнгө пландалган окутууда медицина, эл аралык медицина факультеттеринин окутуучулары, аспиранттар, ординаторлору далилдүү медицина боюнча эл аралык эксперт, медицина илимдеринин доктору Бермет Барктабасовадан билимин жогорулатышты.

«Далилдүү медицина – бул далилдерге негизделген медицина. Башкача айтканда, медициналык практикага карата профилактикалык, диагностикалык жана дарылоо кийлигишүүлѳрүн колдонуу тууралуу чечимдер алардын натыйжалуулугу менен коопсуздугу боюнча колдогу далилдерге таянып кабыл алууну талап кылган мамиле. Андыктан бул биздин ишмердигибизде өтө зарыл болгон темалардан. Биздин тренингдин катышуучулары 3 күн аралыгында эксперттен билимин жогорулатып, сертификат алышты», - деди уюштуруучу, медицина факультетинин ички оорулар кафедрасынын башчысы Флора Рысматова.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть