10:24 13 сентября 2021

ЖАМУ Комуз күнүнө карата «Таңшы комуз» аттуу онлайн концерт берди

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 9-сентябрь — Комуз күнүнө карата университеттин башкы имаратынын алдында «Таңшы комуз» аттуу онлайн концерт берди.

Маданий-эстетикалык борборунун алдында түзүлгөн «Жаш канат» фальклордук ансамблинин комузчулары «Ак бакай», «Эргиме», «Ак-тамак-Көк-тамак», «Жаш-Кербез», «Маш-Ботой», «Боз салкын» аттуу кыргыздын күүлөрүнөн аткарышты.

Иш-чара эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тидин 32 жылдыгына арналды.

«Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан-муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. Кыргыз элинин улуттук аспапбы болгон комузду жаш муунга жайылтуу, чертүү чеберчилигин күүлөрүбүздүн келип чыгуу тарыхы, комуздун жаралышы жана ушул күнгө чейин чертилип, ойнотулуп келүүсү кыргыз маданиятынын өнүгүсүүнө залкар комузчуларыбыздын эмгеги опол тоодой», - деп белгилеп кетти уюштуручу топ.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть