13:30 13 сентября 2021

Ысык-Көлдө «Касым Тыныстанов – агартуучу, лингвист жана мамлекеттик-саясий ишмер» аттуу илимий-практикалык конференция өттү

2021-жылдын 9-августунда улуттук тил илиминин негиздөөчүсү, туңгуч калемгер, агартуучу, коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер, кыргыздын алгачкы профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган «Касым Тыныстанов – агартуучу, лингвист жана мамлекеттик-саясий ишмер» аттуу илимий- практикалык конференция Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, Тамчы айыл өкмөтү, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана К.Тыныстанов атындагы коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өткөрүлдү.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун, окумуштуунун урпактарынын, туугандарынын катышуусу менен Касым Тыныстановдун Ысык-Көл облусунун, өзү туулуп-өскөн Чырпыкты айылындагы эстелигине гүл коюу менен башталды. Илимий-практикалык конференция негизги бөлүктөн жана пленардык жыйындан турду. Конференцияны Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Калыбек Жумадылов ачып, катышуучуларга ыраазычылык жана ийгиликтүү ѳтүшүнө каалоо-тилегин билдирди.

Андан кийинки сөз Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоевге, коомдук, саясий жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкуловго, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, УИАнын академиги, филолология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаевге, филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Имановго берилди.

Алар өз сөздөрүндө коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер, профессор Касым Тыныстановдун илимий жана саясий ишмердүүлүгүнө, өмүрүнүн урунттуу учурларына токтолуп, жалпыга ачылбай калган таланттары жөнүндө кызыктуу маалыматтар беришти. Ал эми конференциянын чет элдик меймандары — Түркиядагы Хажи Бекташ Вели маданий борборунун төрагасы Мустафа Өзживан, Казакстандагы Абай университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлбану Косымова Касым Тыныстановдун кыска жана мазмундуу өмүрүнө, көп жактуу талантына таң беришип, окумуштуунун илимий эмгектери кыргыз тил илиминин гана эмес, түркологиянын, жалпы түрк дүйнөсүнүн баа жеткис мурасы болуп каларын баса белгилешти. Мустафа Өзживан Түркияда да ноябрь айында окумуштуунун 120 жылдыгына арналган масштабдуу конференция өткөрүлөрүн айтып өттү.

Пленардык жыйынды К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев ачып, окумуштуунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кыскача токтолгон соң, кезекти илимий баяндамаларга берди. КР УИАнын академиги, филолология илимдеринин доктору, «Манас» КТУнун профессору Осмонакун Ибраимов, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Курманбек Абакиров, филология илимдеринин доктору, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессору Абдыкалык Дунканаев жана башкалар Касым Тыныстановдун кыргыз элинин эгемендүүлүгүн түптөгөн тарыхый инсан, кыргыз илиминин жана маданиятынын көч башы, кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү катары ат көтөргүс орду туураалуу мазмундуу баяндама жасашты.

Конференциянын жыйынтыгында агартуучу, лингвист жана мамлекеттик-саясий ишмер Касым Тыныстановдун коомдук-саясий ишмердүүлүгүн, илимий мурастарын түбөлүк калтыруу, жайылтуу жана кийинки муундарга өткөрүп берүүнү ишке ашыруу боюнча резолюция талкууланып, кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть