ОшМУнун жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен 2-3-4-сентябрь күндөрү Ош шаарындагы мектеп мугалимдери үчүн август усулдук декадасы уюштурулду.
Кеңешмеде окуу жайдагы методикалык, теориялык кафедралардан жалпы 56 мугалим баяндама окуп, ага шаардагы 3000ден ашуун мугалим катышты.
10-сентябрда август усулдук декадасы ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде өткөн мектеп директорлорунун катышуусундагы жыйын менен аяктады.
Жыйында теория менен практиканы, мектеп менен жогорку окуу жайын байланыштыруу, педагогикалык кадрларды даярдоодо бирдиктүү иш алып баруу, иш берүүчүлөрдүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен окуу пландарга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча ойлор айтылды. Мектеп директорлору уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, ЖОЖ мектепке усулдук жардам берип турса деген сунушун айтышты.