15-сентябрь күнү Ош технологиялык университетинин студенттерине стипендия тапшыруу аземи болуп өттү. Бул азем жыл сайын өткөрүлүп келет.
Быйылкы жылы Билим күнү 15-сентябрга белгиленгендигине байланыштуу жаңы окуу жылында студенттерге дем-күч, мотивация берүү жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду.
Аталган иш-чара ОшТУнун корей тил мугалими Лим Ён Шиг тарабынан уюштурулуп, албул жылы аталган университеттин жалпы 24 студентине стипендия тапшырды. Иш-чарага ОшТУнун ректорунун милдетин аткаруучу Ж.Матисаков, Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык билим берүү программалары институтунун директору К.Мансуров катышты.
Стипендия ар жылы ОшТУдагы Сежон корей тил борборунда корей тилин үйрөнүп, мектепти аяктаган соң ОшТУга тапшырган 1-курстун студенттерине жана ошондой эле корей тили боюнча TOPIK экзаменинен жакшы жыйынтыктарга жетишкен студенттерге тапшырылып келет.
Быйылкы жылы 24 студентке жалпы 179 миң сом өлчөмүндө стипендия берилди.
Профессор Лим Ён Шиг мындан сырткары да бир нече программалар боюнча ар жыл сайын ОшТУнун студенттерине колдоо көрсөтүп келет.
Стипендияга ээ болгон студенттер:
1. Эргешова Назима — 12000
2. Канатбек кызы Айганыш — 6000
3. Асанбекова Жылдыз — 6000
4. Абил кызы Нуриза — 12000
5. Мыктыбек уулу Нурсултан — 12000
6. Темирбаева Айтегин ФКИТ — 12000
7. Маматова Айжан Энергетика — 12000
8. Мирланов Кыялбек — 9000
9. Нургазы кызы Мээримгул — 12000
10. Бараталы кызы Айтурган — 2000
11. Орозмаматова Элиза ФКИТ — 9000
12. Кайдыева Аида ФКИТ — 12000
13. Абдувалиева Амина ФКИТ — 12000
14. Сапарбек кызы Мираида — 9000
15. Улукбек кызы Айжана — 9000
16. Назаркулова Акмарал — 9000
17. Исраилов Эрлан — 2000
18. Разаков Ариет ЕТФ — 3000
19. Жакыпбек кызы Минура — 4000
20. Абылкасымов Акылбек — 4000
21. Маматалиева Бегимжан — 2000
22. Айдаркул кызы Адина — 4 2000
23. Абжапар кызы Мээримгул — 3000
24. Ороз кызы Чолпонай — 4000.