15:09 16 сентября 2021

Билим берүү министри ОшМУда жыйын өткөрдү

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында ОшМУда болду.

ОшМУнун базасында жогорку окуу жайлардын ректорлору, Ош облусундагы жана Ош шаарындагы райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору менен жыйын өткөрүп, суроолорго жооп берип, сунуштарын укту.

Жыйында министр 15-сентябрда жаңы окуу жылынын башталышын Лейлек районунун Максат айылындагы Максат орто мектебинде өткөргөндүгүн айтып, иш-сапары Ош, Жалал-Абад облусунун аймагындагы мектептерде уланарын кошумчалады.

Жыйындан соң окуу жайдын медицина, эл аралык медицина, медициналык клиникалары жайгашкан ОшМУнун Ак-Буура кампусундагы билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть