14:41 21 сентября 2021

Түрк кеңешинин делегациясы ОшМУнун студенттери менен баарлашты

Түрк кеңешинин делегация өкүлдөрү «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук форумуна катышуу үчүн келип, анын алкагында ОшМУда жолугушуу өткөрдү.

Анда Имам Сарахсинин эмгектерин которгон аалым, философия илиминин доктору, профессор Сыдык Акшит, Имам Сарахси эл аралык фондунун президенти Мехмет Акшит, Евразия жазуучулар союзунун президенти Якуб Омароглы өзүнүн илим жолунда басып өткөн жолу, тажрыйбалары менен бөлүшүп, насааттарын айтты. Мындан сырткары, Имам Сарахси атындагы фонд менен университеттин, анын ичинде теология факультети менен жакындан кызматташуу багытында сөз болуп, магистратура, PhD-докторантурага студенттерди жиберүү боюнча макулдашылды.

Өзгөн шаарында 17-сентябрь күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук фестивалы өттү. Фестивал жер-жерлердеги тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында уюштурулган. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган жетекчилер, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, дүйнөлүк уюмдардан өкүлдөр катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть