14:38 20 сентября 2021

КМКТАУнун студенттери менен окутуучулары «Дүйнөлүк тазалык күнү» акциясынын алкагында ишембиликке чыгышты

18-сентябрь «Дүйнөлүк тазалык күнү» глобалдык экологиялык жарандык акциясынын алкагында Н.Исанов атындагы КМКТАУнун студенттери жана окутуучулары университеттин айланасын жана Сүйөркулов, Малдыбаев көчөлөрүн тазалап, ишембилик өткөрүштү.

Айрыкча, быйылкы 1-курстун студенттери мындай иш-чарада бири-бири менен жакындан таанышып, эркин пикир алышууга, башка институттардын студенттери менен баарлашууга шарт түзүлдү.

Аталган ишембиликке Архитектура жана дизайн институтунун, Транспорт жана экология институтунун, Курулуш жана технологиялар институтунун, Экономика жана менеджмент институтунун, Жаңы маалыматтык технологиялар институнун, ошондой эле КМКТАУнун колледжинин студенттери жана окутуучулары катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть