16:58 20 сентября 2021

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов расмий иш сапары менен ЖАМУда болду

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов расмий иш сапары менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болду.

Иш-чарага окуу жайдын ректору т.и.д., профессор Кеңешбек Усенов, окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору т.и.д., профессор Атабек Алибаев, илимий иштер боюнча проректор доцент Сталбек Кулаков, мамлекеттик тил жана социалдык иш боюнча проректор Айгүл Дооронова, чарба иштери боюнча проректор Салмоорбек Уметов жана эл аралык бөлүмдүн башчысы Гүлнур Маткалыкова катышты.

Жолугушууда 2 маселе талкууланды. Биринчиси — ушул жылдын 24-октябрында боло турчу Өзбекстандын президентин шайлоо боюнча окуу жайда билим алып жаткан өзбекстандык студенттер үчүн шайлоо пункттарын ачуу. Экинчиси — Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Өзбекстандагы жогорку окуу жайлар ортосунда илимий жаатта кызматташуу.

Иш-чарада элчи Хуршид Мирзахидов ЖАМУнун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. «Сиздер биздин студенттер үчүн жетиштүү шарттарды түзүп, татыктуу билим берип жатасыздар. Сиздер менен болгон кызматташуубуз, буйруса, мындан да жакшы болот. Кыргызстан менен Өзбекстандын достугу түбөлүк», - деди ал.

Ректор Кеңешбек Усенов элчи мырзага атайын иш сапары менен келгенине ыраазычылыгын билдирди. Аны менен катар студенттерге болгон камкордук дайым болорун, окуу жайда дагы да мыктты шарттар түзүлөрүн, билим берүү, илимий иштерди ишке ашыруу жаатында эки тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть