16:40 21 сентября 2021

ОшМУнун 24 студенти Жумхуриет университетинен билим алып келишет

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов Түркия мамлекетинин Сивас шаарындагы Жумхуриет университетине билим алууга жөнөп жаткан студенттер менен баарлашты.

Жолугушууга Түркия тараптан эл аралык байланыштар боюнча жооптуу профессор, доктор Али Аксу онлайн байланыш аркылуу катышты.

2021-2022-окуу жылында аталган университетке ОшМУнун Кыргыз-Түрк, медицина, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультеттеринен 24 студен эки тараптуу кызматташуу келишимдеринин алкагында билим алып келишет. Өткөн окуу жылында ОшМУнун медицина факультетинин 5 студенти барып, билим алып келишкен.

Академиялык мобилдүүлүк багытында билим алмашып келүүгө аттанып жаткан студенттерге окуу жайдын проректору ийгилик каалап, татыктуу билим алып, тажрыйба алмашып, жакшы жүрүп, окуп келүүлөрүн каалады.

ОшМУ Жумхуриет университети менен «Эрасмус+» программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылдын 30-январында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Түркияга болгон иш сапарында Жумхуриет университетинин ректору Алим Йылдыз менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койгон. Ушул жылдын октябрь айында ректор Алим Йылдыздын ОшМУга келүүсү күтүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть