16:34 21 сентября 2021

ИИМдин Академиясында Мамлекеттик тил күнүнө карата конференция өттү

ИИМдин Академиясында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандаганын 32 жылдыгына карата «Ички иштер органдарында юридикалык терминдерди мамлекеттик тилге которуудагы айрым маселелер» деген темада илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын приоритеттүү максаттарынын бири ички иштер органдарындагы юридикалык терминдерди бирдейлештирүү болуп эсептелет.

Конференциянын ишине Министрлер кабинетинин, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, ИИМдин, Бишкек шаардык ИИОнун өкүлдөрү, Мамлекеттик юридикалык университетинин, И.Арабаева аатындагы КМУнун, Кыргы-Түрк «Манас» университетинин, ИИМдин Республикалык окуу борборунун жана ИИМдин Академиясынын окутуучулар курамы катышты.

Иш-чаранын ачылышында ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Тариель Абитов сөз сүйлөп, кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши коомдун руханий жанылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам экенин белгилеп, ИИМдин Академиясы да мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү» курстарын уюштуруп, ИИМдин бардык кызматтарынын кызматкерлерин окутуп жатканын билдирди. Ал гана эмес, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын полковниги Айбек Орозакунов, академиянын профессордук-окутуучулук курамдын катышуусу менен автордук коллектив тарабынан «Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү» иштелип чыгып, Терминологиялык комиссиясында бекитилип, жарыкка чыгарылгандыгын да баса белгиледи. Сөзүнүн соңунда алдына келе жаткан 23-сентябрь — Мамлекеттик тили күнү менен бардык катышуучуларды куттуктап, конференциянын ишине ийгилик каалап жана бүгүнкү түшкөн сунуштар, пикирлер эске алынып, жалгыз гана ички иштер органдарында эмес, жалпысынан бардык мамлекеттик кызматтарда мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө зор салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Андан соң Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиянын Мамлекеттик тилдин маалыматтык талдоо башкы башкармалыгынын башчысы Асылбек Орозов сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын арасынан Ички иштер министрлигинде кыргыз тилин өнүктүрүү жана юридикалык терминдерди бирдейлештирүү боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп, Кыргыз Республикасынын мамлкеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ИИМдин Академиясынын бир катар кызматкерлерине ардак грамоталарын жана медалын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын системасында юридикалык терминдерди мамлекеттик тилге которуудагы көйгөйлөр, терминдердин бирдей которулушу, аларды бир тартипке келтирүү маселелери жана анын жагдайлары, ар түрдүү себептери талкууланып, тилдин өнүгүшү боюнча алдыда аткарылуучу иш-мерчемдер сунушталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть