17:06 23 сентября 2021

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи оңдоп-түзөөдөн өтүп, жыйындар залынын ачылыш аземи болду

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи — акыркы жылдары динамикалуу өнүгүп жаткан университеттин структураларынын бири.

Жайкы эс алуу учурунда колледжде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, жаңы окуу жылына мыкты даярдыктар көрүлдү. 22-сентябрда колледжде жыйындар залынын ачылыш аземи болуп, университеттин көчмө жыйыны болуп өттү.

Алгач конокторду колледждин директору Гүлайым Абыласынова фоеде орун алган, «Билим деңизи» тактасына каалоо-тилектерди жаздыруу менен тосуп алды. Андан соң жалпы имаратка экскурсия уюштурулуп, жаңы жасалгаланган аудиторияларды жана класстарды көрүүгө шарт түзүлдү. Экскурсиядан кийин жыйындар залынын ачылыш аземи болуп, колледждин мурдагы абалы жана азыркы абалы тууралуу кыскача видеоролик көрсөтүлдү.

Гүлайым Абыласынова ректор Аскар Асангазиевичке жамааттын жана студенттердин атынан ыраазычылык билдирип, символикалуу белек тапшырды. Жыйындын соңунда туризм багытынын студенттери тарабынан практикалык тапшырма катары кофе-брейк даярдоо боюнча мастер класс көрсөтүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть