15:07 23 сентября 2021

ИИМ Академиясында Мамлекеттик тил күнүнө карата конференция уюштурулду

2021-жылдын 21-сентябрында ИИМдин Академиясында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата «Ички иштер органдарында юридикалык терминдерди мамлекеттик тилге которуудагы айрым маселелер» аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференциянын ишине Министрлер кабинетенин, Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, ИИМдин, Бишкек шаардык ИИОнун өкүлдөрү, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин, И.Арабаева атындагы КМУнун, «Кыргы-Түрк Манас» университетинин, ИИМдин Республикалык окуу борборунун жана ИИМдин Академиясынын окутуучулук курамы катышты.

Иш-чаранын ачылышында ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Тариел Абитов сөз сүйлөп, кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам экенин белгилеп, ИИМдин Академиясы да мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү» курстарын уюштуруп, ИИМдин бардык кызматтарынын кызматкерлерин окутуп жатканын билдирди. Ал гана эмес, ИИМдин башкы штабынын мамлекеттик тил тобунун улук инспектору Айбек Орозакуновдун академиянын профессордук-окутуучулук курамдын катышуусу менен автордук жамаат тарабынан «Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин кыргызча-орусча сөздүгү» иштелип чыгып, Терминологиялык комиссиясында бекитилип, жарыкка чыгарылгандыгын да баса белгиледи. Сөзүнүн соңунда 23-сентябрь — Мамлекеттик тили күнү менен бардык катышуучуларды куттуктап, конференциянын ишине ийгилик каалап, түшкөн сунуштар, пикирлер эске алынып, жалгыз гана ички иштер органдарында эмес, жалпысынан бардык мамлекеттик кызматтарда мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө зор салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Андан соң Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиянын Мамлекеттик тилдин маалыматтык талдоо башкы башкармалыгынын башчысы Асылбек Орозов сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын арасынан Ички иштер министрлигинде кыргыз тилин өнүктүрүү жана юридикалык терминдерди бирдейлештирүү боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ИИМдин Академиясынын бир катар кызматкерлерине ардак грамоталарын жана медалын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын системасында юридикалык терминдерди мамлекеттик тилге которуудагы көйгөйлөр, терминдердин бирдей которулушу, аларды бир тартипке келтирүү маселелери жана анын жагдайлары, ар түрдүү себептери кызуу талкууланып, тилдин өнүгүшү боюнча алдыда аткарылуучу иш-мерчемдер сунушталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть